Введенский Борис Алексеевич

Введенский Борис Алексеевич [7(19).4.1893, Москва 1.6.1969, ошол эле жер] орус радиофизиги, СССР ИАнын академиги (1943; корреспондент мүчө, 1934). Соц. Эмгек Баатыры (1963). Москва Университетин бүткөндөн кийин (1915), илимий-изилдөө мекемелерде, 192735-жылы Бүткүл союздук электр-техникалык институтта, 1941-44-жылы СССР ИАнын Физика институтунда иштеген. 1946-51-жылы СССР ИАнын техникалык илимдер бөлүмүндө академик-секретарь, 1944-53-жылы СССР ИАнын радио техникалык проблемаларды изилдөө боюнча секциясына төрага, 1951-69-жылы БСЭнин (Большая советская энциклопедия) 2- жана 3-басылышына Башкы редактор. Негизги эмгектери ультракыска диапазондогу радио толкундардын (УКТ) таралышын жана УКТ техникасын изилдөөгө арналган. СССР Мамлекеттик сыйлыгынынлауреаты (1952). Үч Ленин жана башка ордендер менен сыйланган.

Колдонулган адабияттар түзөтүү