Введенский шалфейи,Введенский көк башы

Введенский шалфейи,Введенский көк башы (лат. Salvia vvedenskyi), (E. Nikit) - Көп жылдык. Бийиктиги 40-65 см, жөнөкөй же гүлү менен бутактанган, кабыргалары бозомук, кырлары жашыл, жыш түкчөлүү. Жан тамыр жалбырактары узун жалбырак саптуу, узундугу 8 см ге чейин, туурасы 4 см, канаттай ажыраган, жашыл жээктүү, бөлүкчөлөрү канаттай тилкелүү же канаттай айчыктуу. Сабактагы жалбырактары 3төн кылка өскөн, жан тамыр жалбырактарындай, бирок алардан кичирээк, кыска жалбырак саптуу же жалбырак сапсыз, сабакта орун алган. Гүлдөрү 2ден ( 3төн) кылка болуп өскөн гүл тобуна жыйналып, бир бутакта 5-7ден гүл топтору болот. Чөйчөкчөсү коңгуроодой, узундугу 13 мм ге чейин, мөмөлүгүндө чоңойгон, безчелүү түктүү. Гүл коргону кызгылтым, узундугу 35 мм ге чейин, жогорку эрини түз, эки айчыктуу, төмөнкү эрининин ортоңку айчыгы тескери жүрөк сымал, капталдагыларынан жазы. Мөмөсү – жаңгакча.

Биологиялык өзгөчөлүктөрү түзөтүү

Июнң-июлда гүлдөп, июлң-августта уруктанат. Уруктан көбөйөт.

Жалпы жана өлкөдө таралышы түзөтүү

Кыргызстандын эндеми: Суусамыр тоо кыркасы, Кетментөбө өрөөнүнүн Терек жана Сөгөт сууларынын арасы, Чычкан суусунун сол жээги.

Өсүү шарттары түзөтүү

Ортонку алкактагы таштуу жана майда топурактуу тоо беттери.

Саны түзөтүү

Өтө чектелген.

Чектөөчү факторлор түзөтүү

Аймактарды чарбачылыкка өздөштүрүп пайдалануу.

Өстүрүү түзөтүү

Маалыматтар жок.

Уюштурулган коргоо аракеттери түзөтүү

Кыргыз ССРинин Кызыл китебине (1985) киргизилген.

Коргоо үчүн зарыл аракеттер түзөтүү

Түрдүн ареалын, популяциясынын абалын изилдеп, Кетментөбө өрөөнүндө Чычкан суусунун сол жээгинде ботаникалык заказник уюштуруу.

Статусу түзөтүү

V U . Өтө сейрек кездешкен кууш эндем. Декоративдүү өсүмдүк.

Колдонулган адабияттар түзөтүү