Вегетатив нерв системасы

Вегетатив нерв системасы — жалпы нерв системасынын бир бөлүгү. Бул терминди 1801-ж. француз анатому Мария Франсуа Биша киргизген. Вегетативдик нерв системасы организмдеги кан айлануу, дем алуу, зат алмашуу, тамак сиңирүү, бөлүп чыгаруу жана башка процесстерди жөнгө салат. Ал бардык ички органдарды, ички секреция бездерин, жүрөктү, бардык кан жана лимфа тамырларын, скелет булчуңдарын нервдештирип, булчуңдардагы зат алмашууну башкарат. Вегетативдик нерв системасынын жардамы менен организмдин ички чөйрөсүнүн туруктуулугу сакталат. Вегетативдик нерв системасы аткарган бул иштердин бардыгы жүлүн, кара куш мээ, гипоталамус, алдыңкы мээнин негизги борборлору жана борбордук нерв системасынын эң жогорку борбору болгон мээ кыртышындагы көп сандаган борборлор аркылуу жөнгө салынат.

Симпаттык (кызыл менен көрсөтүлгөн) жана парасимпаттык (көк менен көрсөтүлгөн) Нерв системасынын өзүнчө автономиялык бөлүктөрү

Вегетативдик нерв системасы скелет булчуңдарын нервдештирүүчү жүлүн нервдеринен анатомиялык түзүлүшү жана физиологиялык өзгөчөлүктөрү менен айырмаланат (к. Жүлүн нервдери). Мисалы, жүлүн нервдеринин талчалары жүлүндөн эки капталы бирдей аралыкта катары менен чыгып, нервдештирүүчү булчуңдарга чейин эч үзүлбөстөн жетет. Ал эми Вегетативдик нерв системасынын талчалары болсо мээ сүмбөсү менен жүлүндүн белгилүү гана бөлүктөрүнөн башталып, нервдештирүүчү органдарга чейинки вегетатив түйүндөрүндө үзүлөт. Бул түйүндөрдөгү нерв клеткаларынан жаңы вегетатив нерв талчалары башталып, анан нервдештирүүчү органдарга жетет. Ошентип Вегетативди нерв системасынын талчалары вегетатив түйүнүнө чейинки жана түйүндөн кийинки эки бөлүктөн турат. Жүлүн нервдери менен вегетатив нервдери аларды түзүүчү нерв талчаларына жараша да айырмаланат. Жүлүн нерв талчалары вегетатив нерв талчаларына караганда бир нече эсе жоон келип, сыртынан миелин кабыгы менен капталган. Ал эми вегетатив нерв талчаларынын миелин кабыгы жок, ичке талчалардан турат. Ошондуктан алардын нерв талчалары аркылуу өтүүчү импульстардын ылдамдыгы да ар түрдүү.

Анатомия түзүлүшү боюнча Вегетативдик нерв системасы борбордук жана четки бөлүктөн турат. Анын борбордук бөлүгүнө мээ сүмбөсүндө жайгашкан III, VII, IX жана X баш мээ нервдеринин парасимпат борбору, жүлүндүн каптал түркүгүндөгү симпат жана жүлүндүн куймулчак бөлүгүнөн орун алган парасимпат борборлору кирет. Ал эми Вегетативдик нерв системасынын четки бөлүгүн вегетатив нервдер, алардын бутактары, вегетатив түйүндөр жана вегетатив чатыштар түзөт. Вегетатив нерв түйүндөрү түзүлүшү боюнча ар түрдүү: тегерек, сүйрү жана жылдызча сымал. Вегетативдик нерв системасы түзүлүшү жана органдарга тийгизген таасири боюнча симпат жана парасимпат бөлүктөрдөн турат. Вегетативдик нерв системасынын симпат бөлүгү жүлүн менен байланыштуу. Жүлүндө симпат нервдердин биринчи нейрондорунун денелери жатат. Бул нейрондордун талчалары жүлүндөн чыгып, органга чейинки симпат түйүндөрүндө бүтүп, түйүндөр тизилип, омуртка түркүгүнүн эки жагында жатат. Ал эми бул түйүндөрдө органдарды нервдештирүүчү экинчи нейрондордун денелери болот.

Вегетативдик нерв системасынын парасимпат бөлүгүнүн борбору ортоңку мээде, сүйрү мээде жана жүлүндүн төмөнкү жагында орун алган. Бул борборлордон парасимпат нервдердин биринчи нейрондорунун бутактары башталып, органга чейинки парасимпат түйүндөргө жетет. Бирок парасимпат түйүндөр симпат түйүндөргө караганда нервдештирүүчү органдарга өтө эле жакын же органдардын тереңинде жатат. Организмде симпат жана парасимпат нервдер ар дайым бири-бирине карамакаршы кызмат аткарат. Мисалы, симпат нерв талчаларынын таасиринен жүрөктүн согуусу ылдамдайт жана күчөйт, кан тамырлар тарыйт. Тескерисинче, парасимпат нерв талчаларынын таасири менен жүрөктүн согуусу басаңдайт жана начарлайт, кан тамырлар кеңейет. Ал эми симпат нерв талчалары ичегикарындын жыйрылышын жайлатса, парасимпат нерв талчалары, тескерисинче, тездетет. Ошентип, организмдеги көп органдардын ишинин жөнгө салынышы жана алардын организмдин талабына жараша кызмат аткарышы Вегетативдик нерв системасынын таасири аркылуу ишке ашырылат.


Колдонулган адабияттар түзөтүү

Кыргыз Совет Энциклопедиясынын Башкы редакциясы. «Ден соолук» Медициналык энциклопедия. - Ф.:1991, ISBN 5-89750-008-8