Вегетация органдары - өсүмдүктөрдүн тиричилигин камсыз кылуучу (азыктануу, сырткы чөйрө менен заталмашуу) дене бөлүктөрү. Алар спора пайда кылууга жана жыныстык көбөйүүгө түздөн-түз катышпайт, бирок вегетациялык көбөйүү кызматын аткарат. Вегетация органдары эволюциянын жүрүшүндө өсүмдүктөрдүн суудан кургактыкка чыгып, алардын татаалданышынан, абаны жана жер кыртышын өздөшгүрүүсүнөн пайда болгон. Жөнөкөй түзүлүштүү өсүмдүктөрдүн вегетация денеси (таллому) органдарга бөлүнбөйт. Ал клеткалардан тизилген жипче (жип сымал балырлар, козугарындардын мицелийи) жана жалпак же тоголок колония түрүндө болот. Татаал түзүлүштүү өсмдүктөрдүн негизги вегетация органдары тамыр, сабак, жалбырак. Тамыры жер кыртышына бекип, суу жана анда эриген минерал туздарды алатынча Сабак азык заттарды өткөрүп, жалбырак менен тамырды байланыштырып турат. Жалбыракта фотосинтез, газ алмашуу жана транспирация процесстери жүрөт. Вегетация органдарынын тышкы жана ички түзүлүшү, алардын аткарган функциясына ылайыктанган.

Колдонулган адабияттар түзөтүү