Вегетация үйү - вегетациялык тажрыйбаларды жүргүзүүгө ылайыкталган, жакшы желдетилүүчү, керегеси жанa чатыры айнектен жасалган имарат.

Вегетация үйүнүн алдында куштардан өсүмдүктөрдү сактоо үчүн темир торчо менен курчалган жанa жабылган вегетациялык аянтча болот. Атайын идиштерде өстүрүлгөн өсүмдүктөр үйдүн ичинде вагончолорго коюлат, алар ачык күндөрдө жанa жылуу түндөрдө сырттагы аянтчага чыгарылат. Россияда Вегетация үйү 1-жолу К. А. Тимирязевдин сунушу боюнча Нижний Новгороддогу Петровск айыл чарба академиясынын (К. А. Тимирязев атындагы Москва айыл чарба академиясы) аймагында (1872) курулган.

Колдонулган адабияттар түзөтүү

  • Кыргыз Совет Энциклопедиясы. Башкы редактор Б. О. Орузбаев. -Фрунзе: Кыргыз Совет Энциклопедиясынын башкы редакциясы, 1977. Том 2. В - Иридий. -672 б.