Веда тили - инди адабиятынын эстеликтери аркылуу бизге жеткен ба­йыркы инди тилдеринин бири.

  • Ведалар Ригведа, Самаведа, Яжурведа, Атхарваведа деген 4 жыйнактан турат.
  • Ведалардын эң байыркысы, тили ж-a адабий көркөмдүгү жагынан мазмундуусу — Ригведа.
  • Байыркы жана кийинки Веда тилинин арасында диалектилик, лексика-морфол. айырмалары бар.
  • Кийинки Веда тилинде сыйынуу ырым-жырымдарына байлаиыштуу эски сөздөр, жөндөмөнүн алмашма жанa этиштин белгисиз формалары колдонулбай калган.

Колдонулган адабияттар түзөтүү

  • Кыргыз Совет Энциклопедиясы. Башкы редактор Б. О. Орузбаев. -Фрунзе: Кыргыз Совет Энциклопедиясынын башкы редакциясы, 1977. Том 2. В - Иридий. -672 б.