Везер Германиядагы дарыя. Верра жана Фульда дарыясынын кошулушунан пайда болот. Узундугу 440 км (Верранын башатынан 724 км), алабынын аянты 46 миң км2. Түндүк Герман ойдуңу аркылуу агып, Түндүк деңизге куярда эстуарийди пайда кылатынча Орт. чыгымы 312 м3/сек. Кеме Кассель шаарынан (Фульда дарыясынын боюнда), деңиз кемелери Бремен шаарынан баштап жүрөт. Эльба жана Эмс дарыялары менен каналдар аркылуу туташат. Чатында Бремерхафен деңиз порту жайгашкан.

Везер.

Колдонулган адабияттар түзөтүү