Вектордук диаграма - мезгил-мезгил менен өзгөрүүчү чоңдуктардын жана алардын өз ара катыштарынын маанилеринин багытталган кесиндилер—векторлор менен график түрүндө көрсөтүлүшү.

Вектордук диаграммад электротехника, акустика, оптика ж. башкада кеңири кол­донулат. Векторлордун чоңдугу өзгөрмө синусоидалык чоңдуктун амплитудалык же аракеттүү мааниси менен, ал эми вектордун бурулуу бурчу синусоидалык чоңдуктун баштапкы фазасы менен аныкталат.



Колдонулган адабияттар түзөтүү

Кыргыз Совет Энциклопедиясы. Башкы редактор Б. О. Орузбаев. -Фрунзе: Кыргыз Совет Энциклопедиясынын башкы редакциясы, 1977. Том 2. В - Иридий. -672 б.