Велодром, велотрек (велосипед жана гр. drj mos чуркоо, чуркоо үчүн жай) велосипед спорту боюнча мелдештер өтүүчү ачык же жабык курулуш. Биринчи В. Россияда Тула шаарында 1897-ж., Кыргызстанда Бишкекте (Фрунзеде) 1966-ж. курулган. Велодром трибуналуу тректен (тегерек жай) жана көмөкчү бөлмөлөрдөн турат. Айланма жолунун эни 4-10 м, узундугу 200-500 м болот. Азыркы кезде тректин жолунун узундугу 250 м, 333 м, 400 м болгон 3 түрү кеңири таралган. Велодромдун жолу асфальт, тактай, бетон менен капталат.

Колдонулган адабияттар түзөтүү