Велосипед спорттун түрү — Ага шосседе, белгилүү жерде жана атайын спорттук курулмада (тректерде) велосипед менен жарышуу кирет. Велосипед спортуна катышуу ден соолукту чыңдайт. Спорттук ылдам жарышууга катышкан велосипедчилердин айрыкча бут булчуңдары жакшы өөрчүйт, ощондуктан аларга спорттун башка түрлөрү (сууда сүзүү, кайык айдоо жана башка) менен машыгуу сунуш кылынат. Түз жолдо велосипед тээп сейилдөө бардык курактагы адамдар үчүн пайдалуу.

Шоссе велосипеди

Балдардын, өспүрүмдөрдүн велосипединин рулун жогору орнотуу керек, анткени дененин узак убакыт эңкейип, туура эмес абалда болушу дем алууну кыйындатып, омуртка тутумунун кыйшайышына алып келиши мүмкүн. Велосипедди күнүгө алыс эмес аралыкка жүрүү, ошондой эле 60 кмге чейинки аралыкка сейилдөө үчүн тепсе болот. Велосипед тебүүнүн эрежелерин, гигиеналык талаптарды (кийимге карата) бузуудан жыгылып, ар кандай травмалар, урунуу, ошондой эле тери өйкөлүү, сыйрылуу жана башка болушу мүмкүн. Велосипед менен машыгууну (велосипедде ылдам жүрүүнү) 14 жаштан эрте баштоого болбойт (мында сөзсүз врачтын текшерүүсүнөн өтүү зарыл).


Колдонулган адабияттар түзөтүү

Кыргыз Совет Энциклопедиясынын Башкы редакциясы. «Ден соолук» Медициналык энциклопедия. - Ф.:1991, ISBN 5-89750-008-8