Веляризация – ((англ.. velarisation – каткалаңдашуу). Тилдин арткы бөлүгүнүн жумшак таңдайдын артына карай көтөрүлүүсүнүн негизинде боло турган өзгөчө кошумча артикуляция.

Мисалы: Кыргыз тилиндеги бол сөзүндөгү л бел сөзүндөгү л тыбышына караганда катаң угулушу, анын велярдуу үнсүз экендигинин негизги көрсөткүчү.

Колдонулган адабияттар түзөтүү

Кыргыз тилинин лингвистикалык маалымдамасы. Б.:2015.-256 б. ISBN 978-9967-464-70-4