Веналардын варикоздук кеңейиши

Веналардын варикоздук кеңейиши - веналардын узарып, ийри-буйру жана түйүн сымал болуп кеңейүүсү. Ал көбүнчө буттун, көтөн чучуктун жана урук чылбырчаларынын веналарында учурайт. Анын пайда болушуна вена капталынын тубаса (тукум куума) начардыгы, ийкемдүүлүгүнүн жоголушу, вена клапандарынын жетишсиздиги, бут веналарында кандын жүрүшүн кыйындатуучу, башкача айтканда кесипке байланыштуу шарттар узак убакыт туруп иштөө (дүкөнчүлөр, чач-тарачтар, ашпозчулар ж. б.), кош бойлуулук, веналардын шишиги (кысуу) дагы ушундай сыяктуу себеп болот. Буттун кеңейген венасы ийри же түйүн түрүндө көрүнүп турат. Мында териге керектүү зат аз келгендиктен трофикалык жара пайда болушу мүмкүн. Бут көбүнчө кечинде шишийт, салмактанат, басканда бат чарчайт, жатканда сыздап ооруйт. Айрым учурда оорулуу адам балтыр булчуңдарынын түйүлгөнүн сезет. Аба ырайынын өтө ысык болушу да терс таасир кылат. Оору өтүшүп кеткенде шишиги күчөп, басуу кыйындайт, кээде баспай да калат. Кеңейген венада кан жай жүрүп, сезгенүү процессинин өнүгүшүнө жана тромбдордун пайда болушуна алып келет. Ошондуктан баарыдан мурда кандын нормада айлануусун камсыз кылуу керек. Оорунун кабылдап кетүүсүнөн сактануу үчүн алдыналуу чараларын такай жүргүзүү зарыл. Оору күчөп кете электе врачка кайрылуу, анын кеңештерин так аткаруу чоң мааниге ээ. Оорунун алгачкы мезгилинде чоюлгуч бинт менен таңуу же чоюлгуч байпак кийип жүрүү керек. Бут эртең менен шишип кете электе таңылат. Жатарда таңууну чечип, бутту бир аз бийигирээк коюп жатуу сунуш кылынат. Медициналык дарылоону врач жүргүзөт. Веналар өтө кеңейип кеткенде хирург. операция жасалат. Ооруну алдыналууда дене тарбия, эмгек жана эсалуу режимин туура уюштуруу зор мааниге ээ. Гимнастикалык көнүгүүлөр венада канды токтотпой, анын айлануусун жакшыртат. Чалкадан жатып бут кетменин тегерете кыймылдатуу, кызылашык, жамбаш муундарын бүгүп, кайра жазуу, «велосипед тебүү» сыяктуу көнүгүүлөрдү, андан кийин бир аз басуу жана буттун учуна туруу ж. б. көнүгүүлөрдү жасоо максатка ылайык.

Колдонулган адабияттар түзөтүү