Вена арбитраждары (1938, 1940) — Германиянын жанa Италиянын өкмөттөрүнүн өкүлдөрүнүн Чехословакия менен Румыниянын бир кыйла жерин Хорти башкарган Венгрияга берүү жөнүндөгү аки чечиминин аты.

Ага Венада кол коюлган. 1938-ж. 2-ноябрдагы биринчи арбитраждын натыйжасында Германия менен Италия Словакиянын түш. райондорун жанa Закарпат Украинасын Венгрияга берүүгө Чехословакияны мажбур кылган.

Экинчи арбитраж б-ча (1940-ж. 30-авг.) Түн. Трансильвания Румыниядан Венгрия­га өткөн. Натыйжада Венгрия менен Румыниянып ортосундагы карама-каршылыкты пайдаланып, Германия экөөнү тең баш ийдирип алган.

Вена арбитраждары 1947-ж. Париж тыичтык договору менен жоюлган.


Колдонулган адабияттар түзөтүү

Кыргыз Совет Энциклопедиясы. Башкы редактор Б. О. Орузбаев. -Фрунзе: Кыргыз Совет Энциклопедиясынын башкы редакциясы, 1977. Том 2. В - Иридий. -672 б.