Венесуэла кризиси (1902-03) - Кариб деңизинин бассейнинде им­пер. карама-каршылыктардын күчөшү шарттаган эл аралык оор абал.

Улуу Британия, Германия, Италия, АКШ капиталисттери 18991902-ж. Венесуэладагы гражд. согушта чыгым тарттык деп шылтоолоп, берген карыздарын, тарткан чыгымдарын төлөтүп алуу аракетинен улам чыккан. Карызды төлөтүү үчүн опузалаган Германия, Улуу Британия, Италия 1902—03-ж. Венесуэланын 3 кемесин сууга чөгөрүп, десант түшүргөн. Ка­риб бассейнинде үстөмдүк орнотобуз деп умтулган АКШ европ. өлкөлөргө кысым жасап, аларга кошулуп (1903-ж.), Венесуэла менен келишим түзүп, анын портторунан бажыканалык кирешенин 30%ин алууга же­тишкен.


Колдонулган адабияттар түзөтүү

Кыргыз Совет Энциклопедиясы. Башкы редактор Б. О. Орузбаев. -Фрунзе: Кыргыз Совет Энциклопедиясынын башкы редакциясы, 1977. Том 2. В - Иридий. -672 б.