Версалдыктар - Париж Коммунасына (1871) катышкандардын Версалда орношкон контррев-ячыл күчтөргө (А. Тьер баштаган) жанa алардын М. Мак-Магондун командачылыгы астындагы аскерлерине койгон аты.

А. Тьер.

Тарыхта 1-жолу пролетардык революцияны жүзөгө ашырган Париждин жумушчуларын Версалдыктар пруссиялык аскерлердин жардамы менен катуу жазалашкан. «Версалдыктар» деген сөз кепке чейин революцияга каршы желдеттиктин синоними болуп калган.

Колдонулган адабияттар түзөтүү

  • Кыргыз Совет Энциклопедиясы. Башкы редактор Б. О. Орузбаев. -Фрунзе: Кыргыз Совет Энциклопедиясынын башкы редакциясы, 1977. Том 2. В - Иридий. -672 б.