Верхояна кырка тоосу - Сибирдин түндүк-чыгышындагы тоо системасы. Якутиянын аймагында. Ленанын дельтасынан Томпо дарыясына (Алдан дарыясынын куймасы) чейин 1200 кмге созулат. Бийик тоолуу альп (Орулган) жана жайпаңдалган орто бийик тоо (Хараулах, Кулар) рельефтүү көптөгөн тоо массивдери менен кырка тоолордон турат. Бийиктиги 2389 мге чейин. Эрозияга дуушарланган, жалпак чокулуу (байыркы тайпаң жондор) орто бийик тоолуу рельеф басымдуу. Кар, мөңгүлөрү бар альп тибиндеги бийик тоо рельефи (цирктер, төрлөр, карлингдер, тепши сымал өрөөндөр) меридиан багытындагы Орулган кырка тоосунда (бийиктиги 2283 м), ошондой эле Сетте-Дабан, Сунтар-Хаята тоолорунда кездешет. Мезозой бүктөлүү структурасына кпрет. Алтын, калай кендери бар. Алевролит, кумдук, сланец, акиташтектеринен түзүлгөн. Бардык жеринде көп жылдык тоң кыртышы жатат. Түндүк капталдарынын этек бөлүктөрүндө кызыл карагайлуу сейрек токой 800-1200 м бийиктикте ольха бадалдуу жана жапалак кедрлүү токой менен алмашат; бийик беттерине таштак жерлер, эңилчек жана бадалчалуу тоо тундрасы, бийик тоолорунун кыр бөлүктөрүнө арктикалык чөл мүнөздүү. Дарыя өрөөндөрүндө зор тарндар кездешет. Түштүк капталдарынын этек бөлүктөрүндө талаалашкан шалбаа таралган. Усть-Лена коругу уюшулган.

Верхояна кырка тоосу.

Колдонулган адабияттар түзөтүү