Вершинин, Константин Андреевич

Вершинин, Константин Андреевич [21. 5 (3. 6). 1900-ж. т.] — Авиациянын башкы маршалы (1959), Советтер Союзунун Баатыры (19. 8. 1944).

  • 1919-жылдан КПСС мүчөсү. 1919-жылдан Кызыл Армияда, Гражд. согуштун катышуучусу. Жуковский атн. Аскер-аба академиясын (1932), учкучтар курсун (1935) бүткөн.
  • 1932-жылдан ААКта штабдык жана командирлик кызматта.
  • Улуу Ата Мек. согуш мезгилинде Түш. жана Закавказье фронтторунун ААКга, 4-аба армиясына командачы.
  • 194649-ж. ААКтын башкы командачысы жана СССР Куралдуу Күчтөр министрине орун басар.
  • 194951-ж. ААКтын башкы командачысына орун басар. Андан кийин Аба чабуулунан коргонуу аскерлерине командачы.
  • СССР Жог. Советпнин (2, 4—7-шайл.) депутаты. 195256-ж.
  • КПСС БКнын мүчөлүгүнө кандидат, 1961-жылдан КПСС БКнын мүчөсү. Төрт Ленин ордени, Октябрь Революциясы, 3 Кы­зыл Туу, үч 1-дараж. Суворов ордени, бир нече медаль жана чет өлкөлүк ордендер менен сыйланган.


Колдонулган адабияттар түзөтүү

Кыргыз Совет Энциклопедиясы. Башкы редактор Б. О. Орузбаев. -Фрунзе: Кыргыз Совет Энциклопедиясынын башкы редакциясы, 1977. Том 2. В - Иридий. -672 б.