Веселовский Николай Иванович

Веселовский Николай Иванович - (12.11.1848, Москва 12.4.1918, Санкт-Петербург) орус чыгыштаануучусу, тарыхчы, этнограф, археолог. 1873-ж. Санкт-Петербург университетинин чыгыш тилдери факультетин бүтүргөн. 1890-жылдан Санкт-Петербург университетинин профессору Санкт-Петербург ИАнын (1917) жана Россия ИАнын корреспондент мүчөсү (1917), Орус археологиялык коомунун мүчөсү болуп шайланган. В. В. Григоръевдин окуучусу жана анын ишин улантуучусу болгон. Орто Азиянын тарыхын, археологиясын, этнографиясын изилдеген. Веселовский СССРдин Европа бөлүгүндө жана Сибирь, Монголия талааларында кездешкен балбал таштар түрк урууларынын маданиятына таандык экендигин далилдеген. Ал алгачкылардан болуп Орто Азиядагы байыркы шаарларда, анын ичинде Афрасиабда казуу, изилдөө иштерин жүргүзгөн. Анын эмгектерпнде Орто Азия, Алтын Ордо тарыхы, Кара деңиз жээгиндеги хунндар, сактар тууралуу маанилүү даректер камтылган. Ал казак элинин тунгуч окумуштуусу Ч. Валихановдун бир томдук чыгармалар жыйнагынын редактору жана анын жарыкка чыгышына (1904) түздөн-түз салымын кошкон.

Колдонулган адабияттар түзөтүү