Вест-Индия компаниялары
Бул барак сөздүн же сөз айкашынын маанилерин келтирип, тийиштүү макалаларга шилтеме берет. Бул жерге макаланын негизги текстинен багытталсаңыз: ал макаладагы шилтемени жана/же бул жерге багытталган баракты оңдоп, Википедияны жакшырта аласыз. Бирок, тийиштүү макала жазыла элек үчүн да бул жерге багытталган болушуңуз мүмкүн. |
Вест-Индия компаниялары - Америкада жана Батыш Африкада соода жүргүзүүгө жана колониялаштырууга монополиялык укугу бар европалык соода компаниялары.
- Голландиялык (Нидерланд) Вест-Индия компаниясы 1621-1791-ж. өкүм сүргөн. Бул компания Бразилиянын аймагынын бир бөлүгүн, Вест-Индиянын бир катар аралдарын басып алган. 1626-ж. голландиялык Вест-Индия компаниясы Жаңы Амстердам (азыркы Нью-Йорк) шаарын курган.
- Франциялык Вест-Индия компаниясы Ж. Б. Кольбердин демилгеси менен түзүлүп, 1664-74-ж. иш жүргүзгөн. Алар Америкадан кант, пахта, кофе, какао, индиго алып чыгып, Африкадан негрлерди кулдукка алып келип турган. Компания Канаданы колонияга айландырууда чоң роль ойногон.
Колдонулган адабияттар
түзөтүү- “Кыргызстан” улуттук энциклопедиясы: 2-том. Башкы редактору Асанов Ү. А. К 97. Б.: Мамлекеттик тил жана энциклопедия борбору, 2007. 808 бет, илл. ISBN 978 9967-14-055-4