Ветеран
Ветеран (лат. veteranus vetus —эски, сыналган, тажрыйбалуу) —
- 1. Байыркы Римде армияда белгиленген мөөнөттү өтөгөн солдат. Ветеранга жер бөлүнүп жана акчалай сыйлык берилүүчү.
- 2. Эски жоокер, өткөндөгү согушка катышкан адам (Мис., Гражд. согуштун Ветераны).
- 3. Өтмө мааниде — кандайдыр бир тармакта узак кызмат кылган адам (өндүрүштүн Ветеран илимдин Ветераны ж. б.).
Колдонулган адабияттар
түзөтүүКыргыз Совет Энциклопедиясы. Башкы редактор Б. О. Орузбаев. -Фрунзе: Кыргыз Совет Энциклопедиясынын башкы редакциясы, 1977. Том 2. В - Иридий. -672 б.