Ветеринария санитариясы

Ветеринария санитариясы - ветеринариянын малдын ылаңдарын алдыналууну, мал менен кишиге бирдей жугуштуу жана инвазиялуу оорулардан сактоону, ошондой эле малдан алынуучу санит. талапка жооп берүүчү продуктуларды, сырьёну жана тоютту өндүрүү жолдорун изилдөөчү бөлүмү. Ал ветеринардык-санитардык иш-чараларды иштеп чыгат. Булар зыяндуу организмдердин, ылаңдардын, ылаң ташуучулардын киришинен коргоо максатында сөзсүз аткарылуучу талаптар. Алар ветеринардык закондор менен чектелет. Малдын ылаңдан соо болушун коргоо боюнча ветеринардык-санитардык иш-чараларга төмөнкүлөр кирет: мал сарайларында, тоют даярдоо жана сактоодо, кыкты чогултуп, мал ордун тазалоодо белгилүү режимди кармоо, биологиялык калдыктарды утилдөө, дезинфекциялоо, дератизациялоо; топуракты жана сууну булгануудан сактоо ж. б. Ошондой эле малдан алынган продуктулардын, тоюттун, суунун, мал дарыларынын, жаныбарлардын жана алардын жашоо чөйрөсүнүн гигиенасын жана багуусун жөнгө салуучу ветеринардык-санитардык нормативдерди иштеп чыгат. Ветеринардык-санитардык бир катар илимдер (экология, физиология, биохимия, эпизоотология, эпидемиология, гельминтоология ж. б.) менен тыгыз байланышта. Ветеринардык санитардык иш-чаралар 19-кылымда Л. Пастердин ачылыштарынан кийин илимий негизделген.

Колдонулган адабияттар түзөтүү