Виадек
Виадек - (лат. via жол жана duco алып барам) терең аң болуп кеткен жолдун кесилишине, кокту-колотко, капчыгайларда салынган узун көпүрө сымал курулма. Виадек негизинен материалды үнөмдөө үчүн же топуракты бийик кылып төгүү техникалык жактан пайдасыз болгондо колдонулат. Алгачкы виадек байыркы Римде пайдаланылган. 19-кылымда кыштан жана таштан курула баштаган.
Колдонулган адабияттар
түзөтүү- “Кыргызстан” улуттук энциклопедиясы: 2-том. Башкы редактору Асанов Ү. А. К 97. Б.: Мамлекеттик тил жана энциклопедия борбору, 2007. 808 бет, илл. ISBN 978 9967-14-055-4