Вибрато
Вибрато (итал. vibrato, лат. vibratio — термелүү) —
- 1. Муз. кылдуу аспапта ойноодо сол колдун манжалары менен кылды басып дирилдетүү. Вибрато 16— 17-кылымда лютнисттер менен гамбиеттер тарабынан чыгарылып, кийин скрипка тобундагы аспаптарга пайдаланылган.
- 2. Кээ бир үйлөмө аспаптар менен ойноонун ыкмасы.
- 3. Ырчынын калтырак үнү.
Колдонулган адабияттар
түзөтүүКыргыз Совет Энциклопедиясы. Башкы редактор Б. О. Орузбаев. -Фрунзе: Кыргыз Совет Энциклопедиясынын башкы редакциясы, 1977. Том 2. В - Иридий. -672 б.