Вибриоз, кампилобактериоз - (Campylobakteriosis) негизинен бодомал менен койдун жыныс органдарын жабыркатып, массалык баласалууга (абортко) дуушар кылуучу жугуштуу ылаң. Вибриоздун козгогучу 1909-ж. козу салган койдун, 1913-ж. музоо салган уйдун чөбүнөн жана күмөн ткандарынан табылган. Вибриоз кишиге да жугат. Бодонун кампилобактериозунда ылаңдуу бука инфекциянын негизги булагы болуп саналат. Козгогуч алардын жыныс органында көп жыл сакталып, урук (сперма) жана урук безинин секрети менен кошо сыртка бөлүнүп чыгып турат. Ылаңдуу уй менен кунаажындар да бир кыйла коркунучтуу, алардын жыныс органдарынан аккан суюктук менен козгогуч 3-10 айга чейин сыртка бөлүнүп чыгат. Ошондой эле, козгогуч сыртка ылаңдуу уйдун сүтү, сийдиги менен жана түшкөн күмөн аркылуу да бөлүнүп, айлана-чөйрөнү булгайт. Соо койлорго ылаң козгогуч менен булганган жем-чөп, суу аркылуу жугат. Ылаңдын алдыналуу үчүн вакцина куюлат. Дарылоодо ылаңдуу мал өзүнчө бөлүнүп, антисептикалык эритмелер (риванол, фурациллин, калий перманганаты) жана антибиотиктер (пенициллин, стрептомицин, хлортетрациклин, окситетрациклин, гентамицин ж. б.), нитрофуран жана сульфаниламид препараттары (фуразолидон, фурагин, стрептоцид, норсульфазол, сульфапиридазин) суспензия жана эритме түрүндө колдонулат.

Колдонулган адабияттар түзөтүү