Вивианит - (англ. минералог Ж. Г. Вивиандын ысымынан) суулуу фосфаттарга кирүүчү минерал. Моноклин сингониясында кристаллданат. Өңү көбүнчө жашыл сымал, абада өзгөрүп, көгүш, жашыл, кара көк, кара жашыл болуп көрүнөт, айнектей жалтырак. Катуулугу Моос шкаласы боюнча 1,5-2. С. салмагы 2,6. Чөкмө, чанда гиперген жолу менен пайда болот. Вивианит темирдин фосфорго бай чөкмө кендеринде жана чымкөңдүү саздарда кезигет. Фосфор жерсемирткичи катары жана көк боёк даярдоодо колдонулат.

Вивианит

Колдонулган адабияттар түзөтүү