Видеокүчөткүч - телекөрсөтүүчү, радиолокациялык, осциллографиялык жана башка түзүлүштөрдө видеосигналдарды электрон нур түтүгүнө берерден мурда күчөтүү үчүн колдонулуучу лампалуу же жарым өткөргүчтүү, кең тилкелүү күчөткүч.

Видеосигналдардын формасын сактоо үчүн Видеокүчөткүч ал сигналдарды фаза боюнча бузбастан бир калыпта (1—3 дб ден ашык четтетпестен) жыштыкты өткөрүүнүн кеңири тилкесине (10—30 гц тен 4—6 Мгц ке чейин) күчөтүүгө тийиш. Видеосигналдарды күчөтүүдө бир жанa эки каскаддуу Видеокүчөткүчтөр кеңири колдонулат. Мында ал Видеокүчөткүчтөрдүн күчөтүүчү баскычынын тизмегине туташтырыла турган аз каршылыктуу резистор жана индукция түрмөгү менен конденсаторлор жогорку жанa төмөнкү жыштыктар тармагында сигналдарды күчөткөндөй, фазаны кеңири жыштык тилкесинде бузбагандай кылын тандап алынат.


Колдонулган адабияттар түзөтүү

Кыргыз Совет Энциклопедиясы. Башкы редактор Б. О. Орузбаев. -Фрунзе: Кыргыз Совет Энциклопедиясынын башкы редакциясы, 1977. Том 2. В - Иридий. -672 б.