Видеотекшерүүчү түзүлүш

Видеотекшерүүчү түзүлүш - телекөрсөтүү каналынын ар түрдүү жеринде (берүүчү камеранын чыгышында, видеосигналды пайда кылуу­чу жана күчөтүүчү аппаратуранын чыгышында ж. б.) сүрөттөлүштүн сапатын карап көрүп жана аныктап текшерүүгө арналган түзүлүш.

Телекерсөтүү каналын телепрограммаларды берүүгө даярдоо, аны ишке тууралоодо жана кабарларды эфирге бергенде да сүрөттөлүштүн сапаты Видеотекшерүүчү түзүлүштүн экранынан байкалып турат (Телекөрсөтүү). Монохромдуу жана түстүү телекөрсөтүүлөрдүн Видеотекшерүүчү түзүлүшүнүн кабыл алуучу электрон нур түтүгү (кине­скоп), видеосигналды күчөткүчү, сай­ты жана кадрды жайылтуу блогу, се­лектору жана электр булагы бирдей болот. Монохромдуу телекөрсөтүүдөгү видеосигнал жана түстүү телекөрсөтүүдөгү толук жарык сигналы Видеотекшерүүчү түзүлүшкө коаксиаль кабели аркылуу бери­лет.


Колдонулган адабияттар түзөтүү

Кыргыз Совет Энциклопедиясы. Башкы редактор Б. О. Орузбаев. -Фрунзе: Кыргыз Совет Энциклопедиясынын башкы редакциясы, 1977. Том 2. В - Иридий. -672 б.