Видикон
Видикон (видео..., гр. eikon — сүрөттөлүш) - бутасы фото каршылыктан жасалган беруучу телекөрсөткүч тутук.
Сүрөттөлүштөн (нерседен) чыккан жарыктын таасири менен Видикондун бутасында (фотокатоддо) электр заряды жыйналат да, бутанын айрым жерлеринин каршылыгы өзгөрүлөт жанa сүрөттөлүштүн айрым жерлеринин жаркырактыгы түрдүүчө болгондуктан электр потенциалы бир калыпта бөлүнбөйт. Бута жасала турган материал катары жарым өткөргүчтүү материалдын (аморфтук селен, сурьма, коргошун кычкылы, германий, кремний) абданжука (5мкм) катмары пайдаланылат. Ушундай түтүктү түзүү идеясын сов. инженер А. А. Чернышев 1925-ж. сунуш кылган. Биринчи түтүк 1950-ж. жасалып, колдонула баштады.
Колдонулган адабияттар
түзөтүүКыргыз Совет Энциклопедиясы. Башкы редактор Б. О. Орузбаев. -Фрунзе: Кыргыз Совет Энциклопедиясынын башкы редакциясы, 1977. Том 2. В - Иридий. -672 б.