Визе Владимир Юльевич – (21.2. (5.3).1886, Царское село, учурда Санкт-Петербургдун курамында 19.2.1954, Ленинград) орус географы, Арктиканы изилдөөчү, СССР ИАнын корреспондент мүчөсү (1933). Санкт-Петербург университетин бүткөн (1912). 1928-жылдан Арктика институтунда илимий кызматкер, 1945-жылдан Ленинград мамлекеттик университетинин профессору. Г. Я. Седовдун экспедициясынын (1912-14), «Таймыр» (1921-22), «Малыгин» (1924, 1928, 1931) кемелериндеги экспедицияларга катышкан. «Георгий Седов» (1930), «Сибиряков», «Фёдор Литке» кемелериндеги экспедициялардын илимий жетекчиси. Алгачкылардан болуп Түндүк Жери архипелагын түндүктөн айланып, Түндүк деңиз жолун батыштан чыгышка бир навигация мезгилинде өткөн. Түндүк Муз океандагы калкыма муздардын үстүнө илимий лабораторияларды уюштуруу идеясын сунуштаган. Визе арктикалык 14 экспедицияга катышкан; көп жылдык тоңду прогноздоонун ыкмасын иштеп чыгып, Арктикалык деңиздердин муздануусунун Арктиканын климатынын пайда болуусуна тийгизген таасирин далилдеген. СССР мамлекеттик сыйлыгынын ээси (1946). Эки Ленин ордени менен сыйланган. Кара (Карск) деңизиндеги арал, Жаңы-Жер архипелагындагы бухта, тумшук, муздук, Франц-Иосиф Жери архипелагындагы тумшук Визенин ысмынан аталган. Эмгектери: Основы долгосрочных ледовых прогнозов для арктических морей. М., 1944; На «Сибирякове» и «Литке» через ледовитые моря. Два исторических плавания 1932 и 1934 гг. М.; Л., 1946; Моря Советской Арктики. 3-е изд. М. Л., 1948.

Колдонулган адабияттар түзөтүү