Википедияны талкуулоо:Жамаат порталы

Калып:Карточка книги Фудзиямага чыгуу — 1973-жылы Чыңгыз Айтматов менен казак жазуучусу Калтай Мухамеджанов жазган пьеса .  Спектаклдин борборунда унчукпоо, адилетсиздикке каршы үнүн көтөрө албоо менен байланышкан адамдык күнөө маселеси турат. Көп жылдар мурун жасалган жамандык жаңы курмандыктарга алып келет.

"Фудзиямага чыгуу" — классикага айланган спектакль эки адамдын: кыргыз жазуучусу Чыңгыз Айтматовдун жана казак драматургу, жазуучусу, публицисти Калтай Мухамеджановдун ысымдары менен байланыштуу. "Фудзиямага чыгуу" пьесасынын тарыхы өзгөчө. Айтматовдун сюжети буга чейин эле болгон, ал эми пьесанын өзүн жазган, каармандар Калтай Мухамеджанов менен толуктаган.

70-жылдардын башында Москванын "Современник" театрында премьерадан кийин эле спектакль өзүнүн салтанаттуу жүрүшүн баштаган. Ал союздук республикаларда гана эмес, Вашингтондо, Лондондо, Токиодо да коюлган.

1988-жылы белгилүү кинорежиссер Болотбек Шамшиев бул китептин негизинде тасма тартып, көп өтпөй анын кино тармагындагы улуу чыгармаларынын бири болуп калган.

Return to the project page "Жамаат порталы".