Википедия:Азия айы 2024
Азия айы 2024 – Азияга тиешелүү темаларда макалаларды жазууга жана жакшыртууга арналган вики-марафон. Бул вики-марафон 2015-жылдан бери ноябрь жана декабрь айларында өткөрүлүп турат. Википедиянын каалаган бөлүмүнөн каалаган катышуучу катыша алат.
Кыргыз Википедиясында Азия айы вики-марафону 2024-жылдын 30-ноябрынан 30-декабрына (UTC убактысы боюнча) чейин болуп өтөт. Бул вики-марафондун максаты Кыргызстандан башка Азия өлкөлөрү тууралуу макалалардын санын жана сапатын жакшыртуу болуп саналат. Википедиянын азиялык жамааттары ортосундагы достуктун символу катары, критерийлерге жооп берген макалаларга жана кеминде 4 макаланы түзгөн ар бир катышуучу Википедия Азия айы колдонуучулар тобунан атайын иштелип чыккан Barnstar алууга мүмкүнчүлүгү болот.
Эрежелер
түзөтүү- Кыскача: Азия жөнүндө жаңы макалаларды түзүү же бар макалаларды жакшыртуу, макалалардын сапаты мыкты болушу керек, макала 3000 байттан кем эмес тексттен жана эң аз дегенде 300 сөздөн турат, макала 1-31-декабрга чейин түзүлгөн болушу керек.
- Катталган бардык катышуучулар марафонго катыша алат (катталуу убактысы маанилүү эмес).
- Сиздин 3000 байттан кем эмес текст 1–31-декабрда сиз тарабынан жазылган болушу керек.
- 3000 байттан кем эмес жаңы текстти камтыган же толукталган макалалар кабыл алынат.
- Макала белгилүүлүк критерийлерине жооп бериши керек.
- Макала татыктуу шилтемелерди камтууга тийиш; макаладагы шектүү же талаштуу билдирүүлөр ошол макалада келтирилген цитата(лар) менен текшерилүүгө тийиш.
- Макала машиналык түрдө которулган эмес жана татыктуу тил стилине ээ болушу керек.
- Макалада эч кандай маселе (тегдер) болбошу керек.
- Макала бул тизме эмес.
- Википедиянын кыргызча бөлүмүндө Азия айында Кыргызстан тууралуу макалалар эске алынбайт, анткени бул вики-марафон катышуучулардын жашаган өлкөсүнөн Азиянын башка өлкөлөрү жөнүндө макала жазууга үндөйт.
- Уюштуруучу тарабынан жазылган макалалар башка уюштуруучулар тарабынан текшерилиши керек.
- Эскертүү: Жергиликтүү Wikipediaдагы адам жюри(лер) макаланын кабыл алынган же кабыл алынбагандыгын аныктайт.
Уюштуруучулар
түзөтүүМакалаларды каттоо
түзөтүүБул баракчада макалаларды каттаңыз
{{{content}}}