Википедия:Ак ниеттүү пайдалануу шарттары

Киришүү түзөтүү

Уикипедиянын ак ниет пайдаланууну коргоо жаатындагы саясатынын негизги максаты - ар ким, ар түрдүү алып жүрүүчүлөрдө колдоно алчу эркин мазмун түзүү жана жайылтуу идеясын коргоо. Албетте, бул максатка чектелген медиа-материалдарга (файлдарга) толук тыюу салып жетүүгө болот, бирок башка жагынан алып караганда, мындай кадам башка бир негизги милдетке - сапаттуу энциклопедия түзүүгө каршы келет. Ошондуктан белгилүү бир сандагы керектүү эркин материалды, ансыз болбой турган учурда, колдонууга уруксат берүү керек. Бул үчүн "ак ниет пайдалануу" түшүнүгүнүн негиздерине таянган, эркин энциклопедия түзүүнүн максаттарын жана көңүл тилебеген укуктук маселелерди эске алган белгилүү шарттардын (критерийлер) аткарылуусу кажет.

Шарттары түзөтүү

Ошентип, ар бир чектелген файлды колдонуу үчүн төмөнкү шарттар аткарылышы керек.

  1. Эркин алмаштыруу болбойт. Чектелген файлдын ордуна эркин, энциклопедиялуулук шарттарына төп келген алмашуу (альтернатива) ошол тапта жок болсо, жакынкы келечекте да (мисалы, бир ай ичинде) болбой турган болсо, ал чектелген файлды колдонууга болот. Эгер чектелген материалды кайсы бир жол менен эркин материалга түрлөнтүү мүмкүн болсо, ошентүү керек. Мындайда ак ниет колдонуу концепциясы колдонулбайт. Эркин материал жеткиликтүү болуп, энциклопедиялык максатка ылайык келген, алгылыктуу сапатка ээ болсо, чектелген материалды эркинирээк материалга алмаштырып туруу зарыл. Тез текшерүү үчүн өзүбүздөн "Бул материалды ошондой эле күчкө ээ эркин материалга алмаштырса болобу?" - деп сурообуз керек. Эгерде жооп - "ооба" болсо, бул файлды колдонуу ак ниеттүүлүк шартына жатпайт жана муну жүктөөгө болбойт.
  2. Коммерциялык наркын сактоо. Чектелген материалды пайдалануу, анын көлөмү, чечими/сапаты нак чыгарманын коммерциялык наркын төмөндөтпөшү керек жана аны сатып алганга тең болбошу керек.
  3. Минималдуу пайдалануу Бир макалада чектелген файлдардын саны минималдуу болуш керек. Эгер макалада өрнөк берүүгө бир гана чектелген файл керек болсо, ошону менен чектелүү керек. Макалада өрнөк кылууга тек гана эркин файлдарды колдонуу жетиштүү болсо, чектелген файлдар колдонулбашы керек. Чектелген файл макаланын негизги объектисин аныкташы керек же анын маанилүү пункттарында же бөлүмдөрүндө өрнөк болушу керек. Жасалга максатында (мисалы, тизмелерде, сүрөттөрдүн галереясында, интерфейстин курамында ж.б.у.с.) колдонулбашы керек.
  4. Тастыкталуу. Чектелген материал мурда кай бир жерде жөндүү жарыяланган болушу керек.
  5. Талап алынып салынган.
  6. Талап алынып салынган.
  7. Талап 9-пункт менен бириктирилген.
  8. Талап 3-пункт менен бириктирилген.
  9. Жайгаштыруунун чектелиши. Чектелген файлдарды төмөнкүлөрдүн гана ат мейкиндиктеринде пайдаланууга болот:
  • Макалалар
  • Бир айдан көп эмес убакыт турчу инкубаторлор (андан кийин макала негизги мейкиндикке чыгарылбаган болсо, файл өчүрүлүшү керек, андан соң колдонулбас болот, Ф4 критерийине ылайык мөөнөтү жылдырылган өчүрүүгө коюлат).

Атап айтканда, чектелген файлдарды катышуучулардын баракчаларында, шаблондордо, категорияларда пайдаланууга болбойт. Чектелген файл жок дегенде бир баракта колдонулушу керек. Талкуулардагы чектелген файлдарга шилтеме орнотууга (кошууга эмес) жол берилет.

  1. Сүрөттөө толуктугу. Чектелген файл сүрөттөлгөн барак көрсөтүлгөн критерийлерди төмөнкү өңүттөрдөн аткарышы керек:
  • файлды сүрөттөө калыбынын толук толтурулушу (өзгөчө, дал келбей жаткан болсо булакка туура шилтеме берүү жана автор менен укук ээсин көрсөтүү зарыл);
  • ак ниет колдонууну негиздеме калыбын чектелген файл колдонулган ар бир макала үчүн толук толтуруу.

Тарыхы түзөтүү

Шилтемелер түзөтүү