Жаңы макала баштоо түзөтүү

Каалаган макалаңыздын атын издөө көзөнөгүнө киргизип издеп көрүңүз.
Эгерде сиз каалаган макала мурда жазылган болсо, анда сиз ал макалага өтүп кетесиз да, аны кошумчалап,оңдоп-түздөп салым кошо аласыз.
Эскертүү! Издөө көзөнөгүнө түзө турган темаңыздын атын туура териңиз! Тема так сиз издеген аталыш менен түзүлөт.

Эгерде сиз издеген темадагы макала жок болсо, анда ал сөздөр кызыл түстө болот.

Макаланын аталышы түзөтүү

Макаланын аталышын туура тандап алуу маанилүү. Эгерде сиз баштап жаткан макаланын аталышы ар түрдүү болушу мүмкүн болсо, эң таанымалын алган туура болот. Макаланын аталыштары боюнча төмөнкүдөй эрежелер сунушталат:

  • Макаланын аталышы көп маанилүү болсо, анда кашаага () алып, тактама берип коёбуз. Мисалы, "Аалам" деп аталган макала "Аалам" корпорациясы, ааламдын философиялык же астрономиялык түшүнүгү, же адабий чыгарма жөнүндө болушу мүмкүн. Ошондуктан биз кайсы багытта жаза тургандыбызга жараша: "Аалам" (философия), "Аалам" (астрономия), "Аалам" (адабий чыгарма) деп макаланын аталышын тактама менен кошумчалайбыз.
  • Адам аттары боюнча: биринчи адамдын фамилиясы, үтүр, анан аты түрүндө жазуу макулдашылган жана сунушталат. Туурасы - Айтматов, Чыңгыз Төрөкулович. Чыңгыз Айтматов Төрөкулович эмес. Эрежелер макулдашыла электе инсандар тууралуу макалалар ар кандай иретте жазылгандыктан, инсан тууралуу макала жаза турган болсоңуз, ал инсандын аты-жөнүн ар кандайынан жазып, издөө салып көрүңүз.
  • Кыргыз тилинде фамилиялардын жазылышы өзгөрүп жаткандыгын эске алып, мурун "ов" менен аяктаган фамилиялар кийин "уулу, тегин" болуп жазылып калган учурларда эки аталышын тең берип, мисалы: Сагымбай Орозбак уулу (Орозбаков) деп издөө оң натыйжа берет.
  • Макаланын аталышын БАШ ТАМГАЛАР МЕНЕН ЖАЗБАЙБЫЗ!. Баш тамга сөз башында гана колдонулат.
  • Көптөгөн сөздөрдүн, аталыштардын кыргыз тилине которулгандыгына карабастан, көнгөн адат менен орусча аталыштар колдонулуп келет. Колдон келишинче, сөздүн кыргызча аталышын таап, колдонгонго аракет кылсак.
  • Макаланы туура эмес атап алыштан коркпоңуз. Эгер ката кетирип алсаңыз, тажрыйбалуу колдонуучулар аны оңдоп-түздөп,жардам беришет. 4 күндөн кийин макаланын аталышын оңдоо укугуна сиз дагы ээ болосуз.

айданек деген темада макала түзөтүү

Уикипедия макалалары теманын аталышын кайталап жана ага кыскача аныктама берүү менен башталат. Мисалы, Аалам макаласы мындайча башталат: Аалам – материянын өнүгүү процессинде чексиз, ар түрдүү форма алып, мейкиндик жана убакыт жагынан чектелбеген бүткүл дүйнө.