Википедия:Массалык түрдө макала киргизүү

Массалык түрдө макала киргизүү — күнүнө отуз же андан жогору санда макала киргизүү. Массалык түрдө макала киргизүүдө автор өз алдынча маалымат чогулутуп, жаңы макала жаратпайт, ал алдын ала даярдалган текстти бир жерден алып киргизет.

Талаптар түзөтүү

Киргизилүүчү макалалар төмөнкү талаптарга жооп бериши керек:

  1. автордун уики-тажрыйбасы бир жылдан кем эмес болуу;
  2. автор отуз күн катар Уикипедияда активдүү болуу;
  3. киргизилүүчү макалаларды Уики-жамаат менен талкуулоо;
  4. Уики-жамааттын уруксатын алгандан кийин макала киргизип баштоо;
  5. макала киргизүүдө ар бир макаланын ортосундагы аралык отуз мүнөт болуу (администраторлор же тажрыйбалуу колдонуучулардын текшерүүсүнөн өтүүсү үчүн);
  6. автор отуз мүнөттүк аралыксыз макала киргизүү үчүн Бот макамын алуу.

Талаптардын зарылчылыгы түзөтүү

Акыркы убакта тажрыйбасы жок колдонуучулардын массалык каталарды жараткан иш-аракеттеринен улам, жана тажрыйбасы аз колдонуучулардын кийинки каталарын алдын алуу максатында, Кыргыз Уикипедиясынын администраторлору ортодо кеңешип, жогорудагы эрежелер кабыл алышты.

Чаралар түзөтүү

  • Уики-жамаат жана администраторлор менен алдын ала макулдашылбаган массалык кошуулардын авторлору берилген эскертүүдөн кийин бөгөттөлөт.

Дагы караңыз түзөтүү