Кыргыз Республикасынын Коомдук телерадиоберүү корпорациясы

Кыргыз Республикасынын Коомдук телерадиоберүү корпорациясы (кыскача КТРК) – Кыргызстандын дээрлик жалпы аймагын өзүнүн телеберүүлөрү менен камсыз кылган улуттук телеканалдардын бири, калктын 99 пайызын телесигналы менен камтый алат.

Коомдук Биринчи телерадиоберүү корпорациясы эң көлөмдүү гана болуп эсептелбестен, Кыргызстандын эң популярдуу телеканалы болуп саналат. Бүгүнкү күндө – документалдуу жана көркөм кинокөрсөтүүдө алдынкы орундарды ээлеп, бат өнүгүп келе жаткан телекомпания, телекөрсөтүүлөрдүн аналитикалык жана көңүл ачуучу программаларын өндүрүүдө жана маалыматтык берүүдө лидер болуп саналат. Кыргыз Республикасынын Коомдук телерадиоберүү корпорациясынын жамааты бүгүнкү күндө өз ара кызматташтыкта жана ынтымакта иш алып барышууда.

Кыргыз Мамлекетинин үнү болгон Кыргыз Радиосуна 80 жыл толду. Демек Кыргыз Республикасынын коомдук телерадио корпорациясынына да 80 жыл толду. Анткени корпорациянын тарыхы дал ушул 1931-жылдан башталат. Кыргыз Радиосунун ачылышы телерадио корпорациясынын алгачкы тарыхы болуп эсептелет.

80 жыл айтканга оңой болгону менен не деген карт тарых ощол жылдардын кучагында калды. Уюткулуу кыргыз калкына радио жөнүндө түшүнүк өткөн кылымдын 20-жылдарында пайда болуп жер жерлерде алгачкы радио түйүндөр орнотула башаган экен. 1926-жылы Кыргыз автономиялуу областы Кыргыз АССРине айланат. Бул кубанычтуу окуяны Ала-Тоонун аймагына жайылтуу үчүн радиолоштуруу демилгеси башталат. уландысы ...