Википедия:Сомо/Манас күмбөзү
Манас күмбөзү — орто кылымга таандык архитектуралык эстелик. Талас районундагы Кеңкөл өрөөнүндө. Талас шаарынан 15км чыгыш тарапта. Күмбөз эл ичинде жана илимий адабияттарда "Манастын күмбөзү" деген ат менен белгилүү. Кумбөз бышкан кыштан салынган, пирамида түрүндөгү төрт бурчтуктун үстүнө орнотулган 16 кырдуу чатыры бар, оймо-чийме терракота менен кооздолгон. 1969-жылы реставрацияланган.