Википедия:Сомо/Өт оорулары

Өт эмне кызмат аткарат? Өт – сары, күрөң же жашыл түстөгү, даамы ачуу, жыты бар орган. Ал тамак сиңирүү менен байланышкан ар түрдүү кызматтарды аткарат: тамактын карындан ичегилерге өтүүсүн камсыз кылат, тамактын сиңиши үчүн зарыл болгон пепсин затынын иштешин жөндөйт. Өт кислоталары болсо ичке ичегинин иштешин активдештирет, холецистокинин жана секретин гормондорунун иштешин жөнгө салат жана бактериялардын пайда болушунун алдын алат. Ошондой эле белоктордун сиңиши үчүн маанилүү болгон ферменттерди активдештирет. Андан сырткары өт бөлүп чыгаруу кызматын аткарат. Холестерин, билирубин сыяктуу заттарды бөйрөк тазалай албайт, алар организмден өттүн жардамы менен бөлүнүп чыгат. Организмдеги холестериндин 70 пайызы өттүн жардамы менен заң аркылуу бөлүнүп чыгарын адистер айтып келишет.

Өт оорулары

Өттө таштын пайда болуусу. Туура эмес тамактануудан, өсүмдүк майларына караганда жаныбарлардын майын көп колдонуудан, ашыкча салмактуулуктун негизинде май алмашуунун бузулушунан, боордо инфекциянын топтолушунан жана боордун уулануусунан улам өттө, боордо, өт жолдорунда кум пайда болуп, ал бара-бара ташка айланат. Өттө таш жаш өткөн сайын көбөйөт. 80 жаштан өйдөңкү аялдардын 45-50 пайызы ушул оору менен оорушат. Ал эми эркектерде аялдарга салыштырмалуу 3-5 эсе аз, жаш балдарда да аз кездешет. Өттө таштын бар экендиги билинбей жүрүп, таш чоңойгондо же көбөйгөндө гана алгачкы белгилери билине баштайт.

Стеаторея. Бул оору организмде май кислоталарынын, майлардын, витаминдердин жоктугунан, ичегилердин ылдый тарабынын оорушунан пайда болот. Мында өттө майды сиңирүүчү өт кислоталары жетишсиз болуп организмдеги майлар сиңбей, заң аркылуу сыртка чыгып кетет. Заңдын өңү ак же боз болуп өзгөрөт.

Өттүн сезгенүүсү. Бул оору холецистит деп аталат. Бул өтө кооптуу жана кеңири жайылган оору болуп эсептелет. Заматта кармаган түрү курч холецистит, акырындык менен байкалган түрү өнөкөт холецистит болот. Бул оору көбүнчө 40 жаштан өткөн аялдарда кездешет. Мында дене табы 38-39 градуска көтөрүлүп, дененин оң жак тарабы чыдатпай ооруйт. Өнөкөт холециститке кабылган учурда өттү алып салууну сунушташат.

Өт полипи. Бул дарт дүйнөдөгү адамдардын 5 пайызында кездешет жана анча коркунучтуу эмес. Бирок зыяндуу шишик түрүндө да кездешпей койбойт. Аны хирургиялык жол менен гана дарылашат.

Өттүн рагы. Өт рагы оорусу көбүнчө 50 жаштан өйдө аялдарда кездешет. Шишик акырындык менен өттүн бардык тарабын жабыркатып, боорго таркайт. Эң негизги алгачкы белгилеринин бири – оң кабырганын астынын оорусу, өзгөчө түнкүсүн оорунун күчөшү.

Өттү тазалоонун жолдору 1. Лимон ширеси менен тазалоо. Бул процедура бир жума жүрөт. Тазалоодон мурда 2-3 күн клизма жасоо жана 1 литр сабиз ширесин жана 250 мл бадыраң менен кызылча ширесин аралаштырып ичүү керек. Андан соң 10-12 стакан кайнак суунун ар бирине бирден лимондун ширесин кошуп ар бир 2 саатта ичесиз. Бул ыкма оор, бирок натыйжалуу. Тазалоо учурунда оору күчөшү мүмкүн. Кийинчерээк басылып, өттөгү таштар кум түрүндө заара аркылуу чыгып кетет.

2. Грейпфрут ширеси жана зайтун майы менен тазалоо. Тазалоону баштардан бир күн мурда ач жүрүп, кечкисин клизма жасайсыз. Андан соң грейпфрут ширеси менен зайтун майынан бир стакандан ичип, 30 мүнөттөй эч нерсе жебейсиз. Бул учурда кускуңуз келиши мүмкүн. Мындай процедураны 7 күн кайталайсыз. Экинчи күнү эле өттөгү таштардын сыртка чыкканын байкасаңыз болот.

3. Алма ширеси менен тазалоо. Эртең менен саат 8де бир стакан алма ширесин ичесиз, саат 10до дагы бир стакан, 12ден кечки саат 8ге чейин ар бир 2 саатта 2 стакандан ичесиз. Бул диетаны 3 күн кайталайсыз. Натыйжада өттөгү таштардан арыласыз.

4. Кара түрп менен тазалоо. Кечкисин 100 грамм кара түрп ширесин ичесиз. Акырындап 400 граммга көбөйтөсүз. Бул курс 6-8 жуманы түзөт. Аягында өт жана өт түтүктөрүнүн толук тазаланганын байкайсыз. Эскертүү: Өттү тазалардан мурда УЗИден өтүп, дарыгер менен кеңешиңиз. Анткени өтүндө чоң таштары барларга коркунуч жаратышы ыктымал. Интернеттеги шилтемелер http://lady.kg/node/3109 Archived 2016-12-13 at the Wayback Machine