Викторинаилим, техника, ишмердик же искусствонун ар кыл тармактарына байланыштуу суроо жооп формасында өткөрүлүүчү оюн.

Викторина мектеп кечелеринде, балдар лагерлеринде, ар кыл конкурстарда, телеберүүлөрдө кеңири колдонулат. Ортоңку ж-а жогорку класстын окуучуларынын билимин, кругозорун кеңейтүүдө чоң мааниге ээ. Викторина үчүн суроолорду тандоодо окуучулардын курагы, билим деңгээли кылдат эске алынууга тийиш.

Колдонулган адабияттар түзөтүү

Кыргыз педагогикасы:Энциклопедиялык окуу куралы/Башкы ред. Ү. Асанов; Ред. кеңеш И. Бекбоев(төрага) ж.б. - Б.: Мамлекеттик тил жана энциклопедия борбору, 2004. - 340 б. ISBN 9967-14-018-6