Вилия

Литвадагы жана Беларуссиядагы дарыя

Вилия - Литва республикасындагы дарыя (латвача аты — Нярис), Немандын оң куймасы.

Уз. 510 км, алабынын аянты 25 100 км2. Минск шаарынын түндүгүндөгү саздак жерден башталат. Ири куймасы — Швянтойи. Кар, жаан-чачын жанa саз сууларынан куралат. Декабрда тоңуп, мартта ачылат. Кээ бир жеринде кеме жүрөт. Минскини суу менен камсыз кылуу үчүн Вилейка шаарынын жогору жагында суу сактагыч курулган. Жээгинде Вильнюс, Каунас (чатында) шаарлары жайгашкан.

Колдонулган адабияттар түзөтүү

  • Кыргыз Совет Энциклопедиясы. Башкы редактор Б. О. Орузбаев. -Фрунзе: Кыргыз Совет Энциклопедиясынын башкы редакциясы, 1977. Том 2. В - Иридий. -672 б.

Калып:River-stub