Вильсон камерасы — заряддуу бөлүкчөлөрдүн кыймыл издерин байкоого ылайыкталган прибор.

Бөлүкчүлөрдүн бууда калтырылган издери

1912-жылы англиялык физик Чарльз Вильсон тарабынан түзүлгөн. Анын иштөө принциби өтө каныккан буунун конденсацияланышына, башкача айтканда заряддуу бөлүкчөлөрдүн өткөн жолунда майда суу тамчыларынын пайда болушуна негизделген.

Иондордо тамчы пайда кылуучу өтө каныккан буунун чоңдугу буунун табиятына жана иондун зарядына көз каранды болот. Алсак, суу буусу көбүнчө терс иондордон конденсацияланса, этил спиртинин буусу оң иондон конденсацияланат. Өтө каныккан буу камеранын көлөмүн бат кеңейтип, температуранын кескин төмөндөшүнүн натыйжасында пайда болот. Вильсон камерасы негизинен элементардык бөлүкчөлөрдүн жана космос нурларынын физикасын изилдөөдө колдонулат.

Булактар түзөтүү