Виннипег
Виннипег – Канаданын түштүгүндөгү шаар. Манитоба провинциясынын административдик борбору. Калкы 663;617 миң (2011). Ред-Ривер жана Ассинибойн дарыясынын кошулган жеринде жайгашкан. Ири жолдор тоому (шаар аркылуу трансканада темир жана автомобиль магистралдары өтөт). Эл аралык аэропорту бар.
Шаар 1873-ж. негизделген. Виннипег билим берүүчү ири борбор. Университеттер, музейлер (анын курамында планетарий), заманбап искусство галереясы. ж. б. бар. Театрлар (анын ичинде Виннипег король балети, 1939; Манитоба театр борбору ж. б.) иштейт. Жыл сайын театр фестивалы өткөрүлөт. Этностук маданий борборлору (украина, индей, кытай, еврей ж. б.) бар. Виннипег өлкөнүн дан эгиндүү аймагынын ири борбору же «буудай борбору» катары белгилүү болуп, Виннипег дан биржасы (өлкөдөгү жалгыз, Түндүк Америкадагы ири), Канада эгин комитетинин, Буудай өндүрүүчүлөрдүн бириккен ассоциациясынын штаб-квартираларын камтыйт. Айыл-чарба машиналарын куруу өнүккөн. Нефть ажыратуу, полиграфия, тигүү (фермерлер үчүн жумушчу кийим), тамак-аш (эт, сүт, ун, кондитер азыктары, пиво кайнатылат) өнөр-жай ишканалары иштейт.
Колдонулган адабияттар
түзөтүү- “Кыргызстан” улуттук энциклопедиясы: 2-том. Башкы редактору Асанов Ү. А. К 97. Б.: Мамлекеттик тил жана энциклопедия борбору, 2007. 808 бет, илл. ISBN 978 9967-14-055-4