Виноградов Виктор Владимирович

Виноградов Виктор Владимирович [31.12. 1894 (12.1.1895), Россия империясы, Москва губерниясы, Зарайск шаары – 4. 10. 1969, СССР, Москва шаары] – тилчи, адабиятчы, СССР Илимдер Академиясынын академиги (1946). Петроград тарых-филология институтун жана Археология институтун бүтүргөн (1917). Ленинград (1920-29) жана Москва (1930-62) университеттеринин профессору, Москва университетинин орус тил кафедрасынын башчысы (1945-69), СССР Илимдер Академиясынын Тил илими институтунун (1950-54), СССР Илимдер Академиясынын Орус тил институтунун (1958-68) директору, СССР Илимдер Академиясынын Тил жана адабият бөлүмүнүн академик-секретары (1950-63), «Вопросы языкознания» журналынын редактору (1953-69). В. В. Виноградов орус адабий тилинин грамматикалык түзүлүшүн, тарыхый стилистикасын, фразеологиясын, лексикологиясын терең изилдеп, жалпы тил илиминин маселелери боюнча да илимий эмгектерин жазган. Ал «1719-кылымдардагы орус адабий тилинин тарыхы боюнча очерктер» (1934), «Орус тили. Сөз тууралуу грамматикалык илим» (1947), «Пушкин жана орус адабий тилинин тарыхы» (1935), «Пушкиндин стили» (1941), «Көркөм проза тууралуу» (1930), «Көркөм адабияттын тили жөнүндө» (1959), «Стилистика. Поэтикалык сөздүн теориясы. Поэтика» (1963) аттуу белгилүү эмгектердин автору. Ленин ордени жана медалдар менен сыйланган.

Колдонулган адабияттар түзөтүү