Виноградов Иван Матвеевич

Виноградов Иван Матвеевич [2 (14). 9. 1891, Россия империясы, Псков облусу, азыркы Великие Луки району, Милолюб кыштагы, 20. 03. 1983, СССР, Москва шаары] – математик, СССР Илимдер Академиясынын академиги (1929), эки жолку Социалисттик Эмгектин Баатыры (1945, 1971), Петербург университетин бүткөн (1914). 1918-20-ж. Пермь университетинде, 1920-34-жылдары Ленинград политехникалык институтунда жана Ленинград университетинде доцент, профессору 1932-жылдан СССР Илимдер Академиясынын Математика институтунун директору, «Математика энциклопедиясынын» (1-5-том, М., 1977–85) башкы редактору, «Известия АН СССР. Серия математическая» журналынын башкы редактору (1948). В. 20-кылымда математикада чечүүгө мүмкүн эмес деп эсептелген проблемаларды чечкен, тригонометриялык суммалар ыкмасын түзгөн. Лондон король коомунун (1942), көптөгөн башка илимий мекемелердин жана дүйнөлүк коомдордун ардактуу мүчөсү болгон. М. В. Ломоносов атындагы алтын медаль алган (1971). Илимий эмгектери негизинен анализдик сандар теориясына арналган. Лениндик (1972) жана СССР мамлекеттик (1941, 1983) сыйлыгынын лауреаты. 6 Ленин, Октябрь Революциясы ордендеринин ээси. Россия Илимдер Академиясында И. М. Виноградов атындагы сыйлык белгиленген (1993). Эмгектери: Избр. труды. М., 1952; Метод тригонометрических сумм в теории чисел. М., 1980; Основы теории чисел. М., 1981.

Колдонулган адабияттар түзөтүү