Виола, виолалар - кылдуу тартма музыкалык аспаптардын түркүмдөрү.

виолалар.
Виола.

15-кылымда пайда болгон. Алардын негизги түрлөрү: дискант, альт, тенор, бас. Булар бири биринен көлөмү жана диапазону жагынан да айырмаланат. Добушу назик, пас, 6 кылдуу (кээде 5-7 кыл да тагылат). Квартага күүлөнөт.

16-18-кылымдарда Батыш Европага жеке жана оркестрдин аспабы катары тараган. Ал эми 17-кылымдан тартып скрипка түркүмүндөгү (скрипка, альт, виолончель, контрабас) аспаптар сүрүп таштаган.

18-кылымдын биринчи жарымына чейин өз маанисин, музыкадагы ордун жоготкон эмес. Виола тикесинен бойлото кармалып ойнолгон.

Колдонулган адабияттар түзөтүү

  • Алагушов, Балбай. Кыргыз музыкасы: Энциклопедиялык окуу куралы / Башкы редактору Үсөн Асанов. – Бишкек: Мамлекеттик тил жана энциклопедия борбору, 2004. – 400 бет. ISBN 9967-14-016-X.