Вирилизм — аялдарда эркектик экинчи жыныс белгилеринин пайда болушу (булчуңдарынын өтө өөрчүшү, үндүн өзгөрүшү, сакал-муруттун өсүшү жана башка). Вирилизм бөйрөк үстүндөгү бездин кыртышынын жана энелик бездин же аларды жөнгө салуучу системанын ар кандай оорунун кесепетинен функциясы бузулганда эркектик жыныс гормону — андрогендин нормадан ашыкча бөлүнүп чыгышынан улам болот. Вирилизмде энелик бездин функциясы начарлайт, аялдардын жыныс органынын, эмчегинин көлөмү кичиреет, этек кир цикли бузулат. Дарылоону адис врач жүргүзөт. Кээ бир учурда хирургиялык операция жасалат.


Колдонулган адабияттар түзөтүү

Кыргыз Совет Энциклопедиясынын Башкы редакциясы. «Ден соолук» Медициналык энциклопедия. - Ф.:1991, ISBN 5-89750-008-8