Вирустуу аборт - жылкынын жу­гуштуу ылаңы.

Мында бээ тууруна аз калганда кулун салат. Кулундун боору менен көк боорунда некроздуу өзгөрүү болот.

Ылаң АКШ, Япония, Англия, СССР ж. б. жерде кездешет. Мунун ылаңдаткычы — вирус. Ал бээнин чөбүндө, сары суусунда учурайт. Ылаң вирус менен булганган жем-чөп, суу, тошолго, кык аркылуу жугат. Ага чалдыккан жылкынын клиникалык белгилери көп байкалбайт. Чандасы гана чабалактайт, тердейт; 7— 11 айлыгында кулун салат. Кулун тирүү туулуп, 24—48 с тан кийин өлүп калат. Ылад өлүү кулундун патологиялык өзгөрүүлөрүнүн жанa серодиагностиканын негизинде аныкталат.

Дарылоо методу табыла элек. Ылаңдан сактоо үчүн бээ жакшы багылып, сапаттуу жем-чөп менен тоюттандырылат; кулун салгандары өзүнчө бөлүнүп, короо-сарай ж. б. дезинфекцияланат. Күнөм жанa анын чөбү өрттөлөт. Кулун салган бээ 2 айдан кийин үйүргө кошулат.



Колдонулган адабияттар түзөтүү

Кыргыз Совет Энциклопедиясы. Башкы редактор Б. О. Орузбаев. -Фрунзе: Кыргыз Совет Энциклопедиясынын башкы редакциясы, 1977. Том 2. В - Иридий. -672 б.