Висна-маэди – койдун өпкөсүн катуу сезгентип, арткы буттарын шал кылуучу өнөкөт жугуштуу ылаң. Ылаң биринчи жолу Исландияда 1935-ж. висна (илмийүү, жүдөө), бир нече жылдан кийин маэди (энтикме) деген ат менен белгилүү болгон. Ылаң Кыргызстанда да кездешет. Аны В. И. Митрофанов изилдеген (1976). Ылаңдаткычы РНКлуу вирус, ал айлана-чөйрөгө туруктуу. Кашар менен жайытта бир нече ай сакталат, вирус тоңдурулуп, кайрадан эритилсе да, вируленттүүлүгүн жоготпойт. Ылаң күтүүсүздөн башталат, клиникалык белгилери акырындык менен айкындалып, ылаңдаган малдын саны көбөйөт. Дарт жай өтүп, узакка созулат. Инфекциянын булагы ылаңдуу мал. Көбүнчө 2 жаштан жогорку койлор ылаңдайт. Инфекция менен булганган жем-чөп, суу, топурактан ооз, ошондой эле аба аркылуу да жугушу мүмкүн. Ылаңдын жашыруун (букма) мезгили өтө эле узак (6 айдан 6 жылга чейин). Койлор көп убакытка вирусту жашыруун алып жүрүп, соо койлорго жугуза берет. Висна-маэди нервди жана өпкөнү сезгентет. Нерв сезгенгенде ылаңдаган кой бир аз чуркаса эле эрини калтырап, башын чайкап туруп калат. Ылаң улам күчөп, бара-бара арткы буттары жакшы кыймылдабай шал болот. Өпкөсү сезгенгенде койдун дем алуусу кыйындайт, энтигет. Бара-бара тез дем алып, кургак жөтөлөт, бирок мурдунан илээшкек суюктук агат. Арыктайт, ылаңдын клиникалык белгилери бир нече айдан 2 жылга чейин созулат, кой өлөт. Клиникалык белгилердин, патанатомиялык өзгөрүүлөрдүн, лабораториялык изилдөөлөрдүн (клетка культурасындагы өзгөрүүлөр), серологиялык реакциялардын негизинде диагноз коюлат. Ылаңга каршы вакцина жана дары-дармек жок. Ылаңдан сактануу үчүн бир эле мезгилде бруцеллёзго жана Висна-маэдиге текшерүү зарыл. Ылаңдуу кой этке төгүлөт.

Колдонулган адабияттар түзөтүү