Витаминдүү өсүмдүктөр - составында витаминдери бар өсүмдүктөр.

Витаминдүү өсүмдүктөрдөн өндүрүштө витамин концентраттары алынат. Витаминдер негизинен татаал түзүлүштүү өсүмдүктөрдүн клеткаларында пайда болот. Кыргызстандын көп жеринде өскөн ит мурундун ашында аскорбин кислотасы (С витамини) жана каротин, К жана В ви­таминдери, малма зат, лимон кислотасы жана 10%че май, зат алмашууну жөндөөчү А, Е ж. б. витаминдер бар.

Чычырканактын ашында каротин, Е, С, В], В2 витаминдери болот. Жүгөрүнүн чан, алгычында жана койчу баштыкча өсүмдүгүндө К витамини көп. Ал кан токтотуучу (уютуучу) касиетке ээ. Жаңгактын мөмөсү жана жалбырагы да витаминге бай; жалбырагынан даярдалган витамин тунмасы элдик медицинада жараны бат айыктыруучу да­ры катары колдонулат. Жашылчада, мөмө-жемиште, бадал-дарак жалбырагында, ар кандай чөптө витаминдер көп. Витаминдер жөнөкөй түзүлүштүү өсүмдүктөрдө (мис., козу карындар) да арбын. Витаминдүү өсүмдүктөрдөн атайын витаминдүү препарат жасалат.

Колдонулган адабияттар түзөтүү

  • Кыргыз Совет Энциклопедиясы. Башкы редактор Б. О. Орузбаев. -Фрунзе: Кыргыз Совет Энциклопедиясынын башкы редакциясы, 1977. Том 2. В - Иридий. -672 б.