Витамин дары-дармектери — ар түрдүү витамин жетишсиздигин дарылоодо жана алдын алууда колдонулуучу каражаттар. Витамин сууда эрүүчү (тиамин бромиди, рибофлавин, пиридоксин гидрохлориди, аскорбин, никотин кислоталары жана башка) жана майда эрүүчү (ретинол, эргокальциферол, токоферол жана башка) болуп эки топко бөлүнөт. Сууда эрүүчү Витамин дары-дармектер витамин жетишсиздигинде гана эмес, көп ооруларды: куяң, невралгия, неврит, полиневрит, жүрөк оорулары, көз оорулары, пеллагра, четки кан тамырлардын спазмы менен мүнөздөлгөн оорулар, карын жана он эки эли ичегинин жара оорусун, атеросклероз, тери ооруларын, аз кандуулук, ошондой эле кан уюу начарлаганда, боор оорулары, уулануу, геморрагиялык диатез, нур оорусу жана балдарды дарылоодо колдонулат.

Майда эрүүчү Витамин дары-дармекери түрдүү жугуштуу оорулар, күйүк, тамак сиңирүү органдарынын оорулары, итий, тетания, остеопороз, түрдүү тери оорулары жана балдарды дарылоодо, ошондой эле сынык бүтпөгөндө, миастенияда, бойдон түшөрдө жана эркек менен аялдардын жыныс бездеринин функциясы бузулганда жана башка сунуш кылынат


Колдонулган адабияттар түзөтүү

Кыргыз Совет Энциклопедиясынын Башкы редакциясы. «Ден соолук» Медициналык энциклопедия. - Ф.:1991, ISBN 5-89750-008-8