Витим – Чыгыш Сибирдеги дарыя, Ленанын оң куймасы. Узундугу 1837 км, алабынын аянты 225 миң км2. Витимкан жана Чина дарыясынын кошулушунан түзүлөт. Витим бөксө тоосу, Становой тайпак тоосунун чети менен агып, чатына жакын дельтаны пайда кылат. Босоголуу. Негизги куймалары: Ципа (сол), Калар (оң). Орточо чыгымы 1520 м3/сек. Майдан ноябрга чейин суусу кирет. Ноябрдан майдын ортосуна чейин тоңот. Чатынан 300 кмге чейин кеме жүрөт. Боюнда Бодайбо шаары жайгашкан. Алабында алтын, слюда кендери бар.

Витим
Мүнөздөмө
Узундугу 1 837 км
бассейндин аянты 225 000 км²
Жайгашкан орду
Өлкө  Орусия
ОМСР 18030200112117100015361

Колдонулган адабияттар түзөтүү